09:46
USD 88.81
EUR 95.39
RUB 0.96

Москвада 29 жаштагы кыргызстандыктын сөөгү табылды

Москвада 29 жаштагы кыргызстандыктын сөөгү табылды. Бул тууралуу «Москва» шаардык жаңылыктар агенттиги укук коргоо органдарындагы өздүк булакка шилтеме берип жазды.

Маалыматка караганда, жарандын сөөгү 14-ноябрда Брест көчөсүндөгү контейнер тибиндеги үйлөрдүн биринен табылды.

«Сөөк чирип баштаган, көзүнөн жана оозуна кан агып калган. Анын 4 күн мурун каза болгону анык болду. Жанында спирт ичимдиктеринин бөтөлкөлөрү табылды», — деп жазат агенттик.

Соттук медициналык экспертиза көрсөткөндөй, каза болгон жарандын кабыргасы сынып, өпкөсү тешилип калган. Сөөктү өлүкканага алып кетишти, окуянын чоо-жайы иликтенүүдө.

Эң көп окулган жаңылыктар