21:37
USD 69.74
EUR 79.24
RUB 1.05

Москвада энелери таштап кеткен 6 бала Кыргызстанга кайтарылды

Кечээ Москвадагы медициналык мекемелеринде энелери таштап кеткен алты айдан бир жарым жашка чейинки алты наристе Кыргызстанга алынып келинди. Бул тууралуу Эмгек жана социалдык өнүктүрүү министрлигинен билдиришти.

Маалыматка караганда, балдарды Кыргызстанга алып келүүдө Кыргызстандын Орусиядагы элчилиги жана Саламаттык сактоо министрлиги колдоо көрсөттү.

«6 баланын бирөө туугандарына асыроого берилди. Калган наристелерди үй-бүлөсү же туугандары менен бириктирүүгө аракеттер көрүлүп жатат», — деп айтылат маалыматта.



Эң көп окулган жаңылыктар