19:37
USD 89.01
EUR 95.05
RUB 0.94

Элчилик Москвада террорго шек саналган жарандын чоо-жайын териштирүүдө

Кыргызстандын Орусиядагы элчилиги Москвада теракт жасоого аракет кылган деген шек менен кармалган адамдын чоо-жайын териштирүүдө. Бул тууралуу дипломатиялык өкүлчүлүктөн «Азаттыкка» билдиришти.

5-ноябрда Москванын Черемушка райондук соту борборазиялык 30 жаштагы Талант аттуу жаранды камоого санкция бергенин «Интерфакс» агенттиги жазган.

«Настоящее время» телеканалы Тергөө комитетинин өкүлү Юлия Ивановага таянып, ал кыргызстандык экенин, Москвага сентябрда барганын кабарлады.

Шек саналган адам 2020-жылдын 1-январына чейин камакка алынган.

Эң көп окулган жаңылыктар
19-апрель, жума