16:27
USD 89.47
EUR 96.56
RUB 0.97

Москвадагы митинг. Кыргызстандыкка салынган айыппул жокко чыгарылды

Москва шаардык соту 10-августта шаардык думага таза шайлоо үчүн акция болуп жатканда кармалган кыргызстандык Тойчу уулу Дилмуратка салынган 10 миң рубль айыпты жокко чыгарды. Бул тууралуу «Фергана» агенттиги жазды.

Маалыматка караганда, отурум 10 мүнөттөн ашык болду. Судья иш берүүчүдөн Тойчу уулу Дилмураттын чынында эле Политехникалык музейде оңдоо иштери менен алек болгондугу тууралуу документти сурап, коюлган алып далилденбеген соң, айыппулду жокко чыгарды.

20 жаштагы кыргызстандык Москвага ушул жылдын июлунда иштегени кеткен. Музейде шыбакчы болуп иштеп жаткан. 10-августта Сахаров проспектисинде «Шайлоого карата укуктарыбызды кайтарып алабыз» деген ураандын алдында митинг болуп жатканда ал Москванын борборунда сейилдеп жүргөн. Бирок, аны Орусия Гвардиясынын кызматкерлери кармап кеткен.

Кыргызстандыкты коомдук иш-чараны бузгандыгы үчүн айыпташкан.

Полициянын айтымында, ал көчөдө башка нааразы болгон кишилер менен бирге «Орусия эркин болот», «Кое бер» деген лозунгдарды кыйкырып айткан.

Кыргызстандык шайлоога арналган акция тууралуу эч нерсе билбегендигин жана орусча жакшы сүйлөй албагандыгын кошумчалаган.

Эң көп окулган жаңылыктар