15:39
USD 88.84
EUR 95.29
RUB 0.96

Адистин кеңеши. Кечки жеке коопсуздук эрежелерин эске түйүп алыңыз

Адистер кол салуунун объектиси болуп калуунун бир канча фактору бар экенин айтышат. Изилдөө көрсөткөндөй, кылмышкерлердин көңүлүн өзүнө ишенимдүү жүргөн, баскан турганы тың, ийинин кенен сала чоң-чоң кадамдар менен баскан кишилерге караганда, көп учурда жайы тынч эмес, кабагы салыңкы, кыймыл-аракети жай кишилер бурат. Ошондой эле кылмышкердин көзүнө  бийик такалуу, кыска юбка кийген кыздар да бат илинет.

24.kg агенттиги караңгыда өз коопсуздугун камсыз кылуунун жолдорун тизмектеди.

1

Жолду тандап басыңыз

Кечинде багытыңызды пландап, жолду тандап басыңыз. Ээн талаа, курулуп жаткан жана каралбай калган имараттар, өндүрүш зоналары, эс алуу жайлары, адам баспаган өтмөктөр, жарыктандырылбаган көчөлөрдөн алыс болуңуз. Жарык, унаа жолдун жээгиндеги тратуар менен басыңыз.

2

Телефон жарыгы кылтакка илинтет

Телефондун жарыгын жандырып алып караңгы жерден өтпөңүз. Бул кылмышкердин көңүлүн дароо бурат.

3

Эл менен бирге болуңуз

Эл жыш болгон жерден басыңыз. Эгерде сиз автобус, же троллейбустан түшө турган болсоңуз эл менен бирге басыңыз, алардан артта бөлүнүп калбаңыз. Кылмышкер көпчүлүктүн арасынан кол салууга даабайт.

4

Көчөгө чыгарда жакындарыңызга кабар бериңиз

Туугандарыңарга саат канчада иштен чыга турганыңызды билдирип койгонуңуз туура.

5

Баалу буюмдарды үйдө калтырган оң

Эгерде сиз бир жерден кеч чыга турганыңызды алдын ала билген болсоңуз, анда көзгө дароо уруна турган кийимдерди кийбеңиз. Баалуу жасалгаларды, кооз буюмдарды тагынбаганга аракет кылыңыз.

6

Түнү банкоматтан акча албаңыз

Бир жерден кеч чыга турган болсоңуз аз суммадагы акча алып чыкканга аракет кылыңыз. Акчаларыңызды тыйындарды өзүнчө, кагаз акчаларды өзүнчө бөлүп алыңыз. Кылмышкерлер тузакка тарта турган кишини кассалардан, банкоматтан акча алып жатканда, жол кире төлөп жаткан маалда байкашат.

Эң көп окулган жаңылыктар