17:25
USD 88.84
EUR 95.29
RUB 0.96

Бажы кызматы: Мыйзамсыз жүктөрдү алып кирүү боюнча 1 601 бузуу фактысы катталды

Былтыр өлкө аймагында Бажы кызматы тарабынан мыйзамсыз жүктөрдү алып кирүү жана мыйзам бузуу боюнча 1 миң 601 бузуу фактысы катталган. Бул тууралуу маалымат жыйынында Бажы кызматынын башчысынын биринчи орун басары Шамиль Бердалиев билдирди.

Айтымында, мыйзам бузуулар боюнча тергөөгө 240 материал өткөрүлүп берилген. Анын ичинен 149у боюнча кылмыш иши козголгон.

«Мамлекеттик бюджетке келтирилген чыгымдарды төлөп берүүдө 2017-жылга салыштырмалуу былтыр 36,1 миллион сом акча көп чогултулуп, натыйжада 89,4 миллион сомду түздү», — деди Шамиль Бердалиев.



Эң көп окулган жаңылыктар