12:47
USD 89.47
EUR 96.56
RUB 0.97

Москвада теракт жасоого даярдануу айыбы менен кыргыз, өзбек жарандары соттолду

23-январда Москва соту Кыргызстан менен Өзбекстандын 11 жаранын теракт жасоого даярданган деген айып менен соттоду. Бул тууралуу өз булактарына таянып «Московская газета» жазып чыкты.

«Тергөөнүн жүрүшүндө соттолгондордун «Ислам мамлекети» террордук тобунун мүчөсү болгону жана ок атуучу курал, колго жасалган жардыруучу зат колдонуп Москвада, Санкт-Петербургда теракт уюштурууга даярданышканы» аныкталган", — деп жазды басылма.

Маалыматка караганда, айыпталуучулар 6 жылдан 18 жылга чейинки мөөнөттөргө катаал режимдеги абактарга соттолду.

Эң көп окулган жаңылыктар