14:53
USD 89.51
EUR 97.50
RUB 0.97

БУУ Борбор Азия өлкөлөрүнө курал жеткирүүнүн алдын алуу боюнча программа иштеп ч

Бириккен Улуттар Уюму (БУУ) терроризмге каршы күрөшүү боюнча жаңы программа иштеп чыкты. Анын башкы максаты — Борбор Азия өлкөлөрүндөгү террорчуларга курал-жарак жеткирүүнүн алдын алуу.

21-февралда БУУнун Нью-Йорктогу башкы кеңсесинде тааныштырылган программанын негизги донорлору Сауд Арабиясы менен Орусия эсептелет. Москва долбоордун биринчи этабын ишке ашыруу үчүн 500 миң доллар бөлгөнүн билдирди.

БУУнун баш катчысынын орун басары жана уюмдун контртеррористтик башкармалыгынын башчысы Владимир Воронков программанын негизги максаты Борбор Азиянын аймагына курал-жарак жеткирүүнүн алдын алуу экенин белгиледи.

Орусиянын БУУдагы туруктуу өкүлү Василий Небензя Москва ошондой эле долбоорду ишке ашыруунун алкагында эксперттик колдоо көрсөтүүгө ниеттенип жатканын билдирди. Анын айтымында, 19-февралда БУУнун контртерризм башкармалыгы менен ШКУнун аймактык антитеррористтик түзүмүнүн ортосунда өз ара аракеттешүү тууралуу меморандумга кол коюлган.

Нью-Йорктогу программаны тааныштыруу иш-чарасына Казакстандын, Кыргызстандын, Тажикстандын жана Өзбекстандын дипломаттары да катышты.

Эң көп окулган жаңылыктар