21:13
USD 89.51
EUR 96.93
RUB 0.97

Кара-Сууда экстремизм менен терроризмге үгүттөгөн 31 жаштагы киши кармалды

Ош облусуна караштуу Кара-Суу районунда экстремизм менен терроризмге үгүттөгөн 31 жаштагы киши кармалды. Бул тууралуу Ош шаардык ички иштер башкармалыгынан билдиришти.

Маалыматка ылайык, шектүүнүн үйүнөн мыйзамсыз сакталган ок-дарылар табылды. 

Ош ШИИББге Абдулла аттуу киши интернет аркылуу экстремизм менен терроризмге байланыштуу материалдарды мыйзамсыз таратып жаткандыгы тууралуу маалымат келип түшкөн. Аталган факт Кылмыштардын жана жоруктардын бирдиктүү реестрине "Экстремисттик материалдарды даярдоо, таратуу" беренеси боюнча каттоого алынган.

Натыйжада Абдулла атуу жарандын өздүгү жана жашаган жери аныкталды. Ал Кара-Суу шаарынын 1987-жылы туулгун тургуну болуп чыкты.

Эң көп окулган жаңылыктар