06:34
USD 89.01
EUR 95.05
RUB 0.94

Ирина Карамушкина: Мылжыӊ министрден кутулуу зарыл

Кайдагы бир алдамчыга каршы туралбаган, тийиштүү чара көрө албаган чабал аткаминерлердин жоопкерчилигин караш керек. Бул тууралуу депутат Ирина Карамушкина Жогорку Кеӊеш жыйынында билдирди.

Эске салсак, жакында эле сот 2016-жылдан бери башы чыр-чатактан чыкпай келаткан эмчи-домчу Хашим Зайналиевди бошотуп жиберген. Депутат буга нааразы болду.

«Эми ага карата эӊ кандай доомат жок имиш. Ушу кантип болсун, адамчынын колунан жапа чеккен, өлүм тапкан адамдардын убалы кимге! Ал үчүн ким жооп берет?», -деди Ирина Карамушкина.

«Хашим Зайналиевдин онкологиялык ооруларды дарылаганга лицензиясы жок. Ачыгын айталы, анын бейтаптарга койгон диагнозу — карандай калп! Кайсар соттор аз келгенсип, аны айрым дарыгерлер да колдоп чыгыптыр. Уят! Кайдагы бир алдамчыга каршы туралбаган, тийиштүү чара көрө албаган чабал аткаминерлердин жоопкерчилигин караш керек. Жанагы мылжыӊ министрден да кутулуу зарыл», — деди ал.

Эң көп окулган жаңылыктар