13:41
USD 88.85
EUR 94.81
RUB 0.95

Ирина Карамушкина айткан жарандын аңчылыкта каза болгонун ИИМ тастыктады

Буга чейин айрым ЖМКларда депутат Ирина Карамушкинага шилтеме берүү менен мурдагы президент Алмазбек Атамбаевдин үйүндө атайын кармоо операциясы учурунда 24 жаштагы Курманбек уулу Миржан алган жаракаттан каза болду деп жазылган маалыматты ИИМ иликтеп чыкты.

Алынган маалымат боюнча, 1996-жылы туулган Курманбек уулу Миржан Суусамыр өрөөнүндө алган жаракаттын кесепетинен 2019-жылдын 9-августунда каза болгон. Анын Шабданов Курманбектин айтымында, 8-августта Курманбек уулу Миржан өзүнө катталган 12-калибрдеги курал менен атасынын атын алып, Суусамыр өрөөнүнө мергенчиликке чыккан. Ал кокустуктан өзүнүн мергенчилик мылтыгы менен өз бутуна атып алган. Аны ооруканага жеткирүү убактысы көпкө созулуп, жолдо көп кан кеткен. Жыйынтыгында жолдон каза болгон.

«11-августта Талас районунда маркум жерге берилген, бирок туугандары кырсык болгон тууралуу ички иштер органдарына билдирген эмес», -деп билдирди ИИМден.

Эң көп окулган жаңылыктар