22:43
USD 88.84
EUR 95.29
RUB 0.96

Өлкөдө эмне болуп жатат? Ирина Карамушкина президентке кайрылуу жасады

Депутат Ирина Карамушкина бүгүн парламенттик отурумда Сооронбай Жээнбековго кайрылуу жасады. Ал эски досу жана партиялашы катары эмес, өлкө башчысы катары кайрылып жатканын баса белгиледи.

Өлкөдө эмне болуп жатат, бетке айтыңызчы? Элди бириктирип, көзөмөлдөйсүзбү же кысымга аласызбы?

Ирина Карамушкина

«Мен депутаттарга, кесиптештериме кайрыламын. Биз кандай гана күчтүү өлкөбүз, кандай күчтүү парламентпиз? Карасаңыздар, Алмазбек Атамбаевге карата айтылган айыптоолор, ЖЭБ, Кой-Таш участогу боюнча баары маанисиз. Анан калса урматтуу депутаттар, мунун баары сиздердин макулдугуңар менен жасалбады беле? Ал убакта төрага Асылбек Жээнбеков эмес беле? Эмне үчүн ошол эле ЖЭБ эч нерсеге жарабайт деп айткан жоксуңар? Анда баарыңардын катыштыгыңар бар шериксиңер», -деди депутат.

Эң көп окулган жаңылыктар