15:42
USD 88.84
EUR 95.29
RUB 0.96

Депутаттар Карамушкинанын күч түзүмдөрүнүн отчетун угуу тууралуу пикирине макул

Бүгүн депутат Ирина Карамушкина президент Сооронбай Жээнбековго импичмент жарыялагандыгы тууралуу маселени көтөрүп чыкты.

Анын айтымында, Түркияда өлтүрүлгөн ишкер Айеркен Саймаити, дипномерлүү унааны пайдалануу жана трансулуттук топ боюнча Башкы прокуратуранын отчетун угуу керек.

«Мунун баары унчукпаган бийликтин башкаруусу алдында болуп жаткандыктан, президентке импичмент жарыялоону талкуулоого алып келүүдө. Эл аралык коомчулук алдында уят эле. Уюшкан кылмыштуу топ жок, аткезчилик жок, баңгитрафиги жок, бул эмне деген билдирүү. Деги эмне болуп жатат?» — деди Ирина Карамушкина.

Бирок, кесиптештери аны колдоп чыгышкан жок. Депутат Азамат Арапбаев Ирина Карамушкинаны 7 жылга кечигип калганын, анткени журналисттик иликтөөдөгү окуялар 2011-2012-жылдарда болгонун билдирди. Башка депутат Уланбек Примовдун айтымында, импичмент үчүн эч кандай негиз жок. Депутаттар Карамушкинаны абийирсиз деп аташып, эл менен депутаттык корпуска чагымчылдык кылбоого чакырышты.

Импичмент жарыялоо демилгесин болгону депутат Наталья Никитенко колдоду. Ал депутаттардан Ирина Карамушкинаны тилдебөөнү суранып, 2016-жылы «Ата Мекен» партиясынын лидери Өмүрбек Текебаев Алмазбек Атамбаевге импичмент жарыялаганда, быйылкы жылы мурунку президентке коюлган айыптар айтылганын эскертти.

Депутаттар Ирина Карамушкинанын күч түзүмдөрүнүн отчетун угуу тууралуу пикирине макул болушту.

Жанар Акаев импичментти эмес, аткезчиликти талкуулоо керектигин айтты. Айтымында, бул негизги көйгөй, аны токтотуу керек.

Эске салсак, «Азаттык», Kloop жана OCCRP тарабынан иликтенген маалыматты мекемелер аралык тергөө тобу иликтейт.

Эң көп окулган жаңылыктар