22:58
USD 89.51
EUR 96.93
RUB 0.97

Ирина Карамушкинанын жактоочусу аны коргоодон баш тартты

Депутат Ирина Карамушкина кайрадан суракка чакырылды. Бул тууралуу 24.kg агенттигине КСДП партиясынын төрагасынын орун басары Кундуз Жолдубаева билдирди.

Анын айтымында, учурда депутат ИИМдин тергөө абагында турат.

«Аны барымтага алуу тууралуу иш боюнча чакырышкан. Ирина Карамушкинанын жактоочусу аны коргоодон баш тартты. Депутат суракта жактоочусу жок өзү жалгыз жүрөт», -деди Кундуз Жолдубаева.

Эске салсак, депутат 7-августта Алмазбек Атамбаевдин үйүндө кишилерди барымтага алганга катыштыгы бар делип шектелүүдө. Соттун чечими менен ал үй камагына чыгарылган.

Эске салсак, УКМКнын атайын кызматы 7-августта Алмазбек Атамбаевдин Кой-Таштагы үйүн басып алууга аракет кылган. Бирок, операция ийгиликсиз болгон. Башаламандык маалында 45 киши жаракат алган. «Альфанын» кызматкери октон каза тапкан.

8-августта атайын операцияны ИИМдин атайын бөлүмчөсү колго алган, жыйынтыгында мурунку президент багынып берди. Ал УКМКнын тергөө абагына 26-октябрга чейин камакка алынды. Алмазбек Атамбаевге укук коргоо органдарына карата зомбулук көрсөтүү, адам өлтүрүү, барымтага алуу, массалык башаламандык уюштуруу, жемкорлук айыбы тагылууда.

Эң көп окулган жаңылыктар