21:05
USD 88.85
EUR 94.92
RUB 0.96

Тергөөчүлөр депутат Ирина Карамушкинанын телефонун тартып алышты

Тергөөчүлөр депутат Ирина Карамушкинанын телефонун тартып алышты. Бул тууралуу ал Фейсбук баракчасына жазды. 

Депутаттын айтымында, тергөөчүлөр телефондогу баардык сүйлөшүүлөрдү жана жазышууларды алуу ниетинде.

«Мен каршы эмесмин. Протоколго мен телефонду алуу менен алар депутаттын статусун бузушту деп жаздым. Анткени өлкөнүн мыйзам чыгаруу органынын өкүлүмүн. Мага шайлоочулар, журналисттер жана балдарым чалат. Сотко арызданыңыз дешти. Күлкү келтирерлик. Бүгүн сотко ким ишенет?», -деп жазды депутат.

Эске салсак, депутат 7-августта Алмазбек Атамбаевдин үйүндө кишилерди барымтага алганга катыштыгы бар делип шектелүүдө. Соттун чечими менен ал үй камагына чыгарылган.

Эң көп окулган жаңылыктар