09:59
USD 88.85
EUR 94.92
RUB 0.96

Жашоо шарты татаал деп эсептелген балдардын маалымат базасы түзүлөт

Жашоо шарты татаал деп эсептелген балдардын маалымат базасы түзүлөт. Бул тууралуу вице-премьер-министр Алтынай Өмүрбекова жетектеген өкмөттүк кеңешмеде маалым болду.

Алтынай Өмүрбекова белгилегендей, өз убагында кийлигишүү жана ар кыл маселелерди чечүү максатында көрсөтүлгөн электрондук маалымат базасын түзүү зарылчылыгы бышып жетилди, ал каттоо жүргүзүүгө жана ата-энесинин кароосуз тарбияланган, ден соолугунун мүмкүнчүлүгү чектелген балдарга, ошондой эле аларга карата катаал мамиле жасоо жана зомбулук көрсөтүү учурларында ыкчам жардам көрсөтүүгө шарт түзөт.

Анын айтымында, текшерүүлөрдүн жана үймө-үй кыдыруулардын жүрүшүндө балдарга карата зомбулуктун алдын алуу боюнча райондук штабдар тарабынан мындай балдар тууралуу топтолгон маалыматтарды электрондук маалымат базасына интеграциялоо керек.

«Жашоо шарты оор балдарды коргоо топтомдуу мүнөздөгү тейлөөлөрдү көрсөтүүнү камтыйт, буга байланыштуу маалымат базасы балдар менен өз ара аракеттешкен социалдык коргоо, билим берүү, саламаттык сактоо тармагындагы министрликтер жана ведомстволорго, ички иштер органдары жана каттоо кызматтарына жеткиликтүү болушу керек», — деди Алтынай Өмүрбекова.

Эң көп окулган жаңылыктар