23:21
USD 88.84
EUR 95.29
RUB 0.96

Жайында балдардын туулгандыгы тууралуу күбөлүгүнө кошумча тиркеме берүү токтойт

Үстүбуздөгү жылдын 1-июлунан баштап Мамлекеттик каттоо кызматы балдардын туулгандыгы тууралуу күбөлүгүнө тиркелчү Кыргызстандын жарандыгын тастыктаган документти берүүнү токтотот. Бул тууралуу аталган кызматтан билдиришти.

Маалыматка ылайык, мындай кадам балдарды чет өлкөгө мыйзамсыз алып чыгууну алдын алат.

«Балдарды четке алып чыгууда эми алардын баарына милдеттүү түрдө жалпы жарандык паспорт (чет элдик паспорт) алуу талап кылынат», -деп жазылат маалыматта.

Буга чейин берилип келген тиркемелер алардын мөөнөтү аяктаганга чейин жарактуу болуп саналат.

Эң көп окулган жаңылыктар