19:05
USD 88.84
EUR 95.29
RUB 0.96

Кыргызстанда балдар тойлордо иштеп жатат. Бул тажрыйбаны жок кылыш керек

Кыргызстанда балдар тойлордо иштеп жатат. Бул тууралуу өлкөдө балдарды иштетүү формаларын жок кылуу боюнча улуттук планды талкуулоо маалында белгилүү болду.

Эксперттердин айтымында, балдардын кечки убактагы тойлорго чыгуусуна жол берилип жатат. Айрыкча саат 21-22ден кийин балдар коноктордун маанайын көтөрүп, бийлеп ырдашат. Бул тажрыйбаны жок кылыш керек.

Эске салсак, балдардын жалпы санынын 39 пайызы иштейт. 96,2 пайызы агро тармагында, 3,8 пайызы башка тармактарда эмгектенет.

Эң көп окулган жаңылыктар