16:34
USD 89.02
EUR 94.77
RUB 0.95

Кыргыз аялдарынын баш кийими менен искусствону багынткан Тажигүл Өзген Күнтүз

Элечек, жоолук, чачпак, үкү топу — бул Түркия жана башка өлкөлөрдөгү көргөзмөлөрдө жогорку баага татыган сүрөтчү Тажигүл Өзген Күнтүздүн чыгармачылгынын башкы темалары. Тажигүл Күнтүз өзү этникалык кыргыз. Ал өз эмгектерин «Мекениме, элиме болгон сый-урмат жана кусалык», — деп түшүндүрөт.

Кыргыз аялдарынын улуттук баш кийиминин тарыхын, баалуулугун калем учу менен даңазалаган сүрөтчү 24.kg агенттигине кеп курду.

Тажигүл Өзген Күнтүздүн жеке архивинен алынды
Фото Тажигүл Өзген Күнтүздүн жеке архивинен алынды

Ата-Журттан алыста...

Тажигүл Күнтүздүн чоң аталары 1930-жылдары Кыргызстандан Кашкарга, андан Пакистанга жер которушкан. 1954-жылы Пакистандагы кыргыздардан 40 түтүн Түркияга барып жашап калат.

Тажигүл Өзген Кыргызстанга биринчи жолу 1977-жылы келет.

— Атам менен Кыргызстанда үч ай болдум. Бул убакыт аралыгында кыргыз тилин жана кирилл арабин үйрөндүм, тууган-уругумдун жашаган жерлери менен тааныштым. Түркияга нукура кыргыздын кызы болуп кайттым.

Тажигүл Өзген Күндүз башка туугандарынан айырмаланып, кичинесинен өз элине, тарыхына, каада-салтына кызуусу күч болот.

— Мен Түркияда 6 жашта мектепке бардым. Жашым жете электигин айтып, мектеп мүдүрү баш тартканда, бир мугалим Орто Азиялыктар акылдуу, зирек болорун айтып алып калган. Мектепте биринчи күнү эле менден улуу түрк кыздар курчоого алышып, «сенин көзүң эмнеге ичке, мурдуң эмнеге кичинекей» дешип кызыгышкан. Ошондо мен булардан эмнем менен айырмаланарыма башым катып, кечке күзгүгө каранып, жооп издей баштадым.

Атамдын кыргыздар тууралуу айткандарын кунт коюп угуп, анын мекенге болгон сагынычын билгенде чогуу ыйлаган күндөр болду.

Тажигүл Өзгөн Күндүз

Улуттун изи менен дүйнө багынтып

Тажигүл Өзген кичинесинен сүрөткө кызыгуусу күч болуп, жогорку окуу жайда экономика багытында билим алса, таланты келечекке жолун аныктайт.

Ал сүрөт өнөрү боюнча төрт жыл билим алат. Талант ээси заманбап көркөм чеберчиликке дагы кызыгып, учурда эмгектерин 3D өлчөмүндө даярдайт.

Сүрөтчүнүн каармандары жалаң кыргыз аялдары. Башка улуттун айымдарынын жүзү дагы, алардын баш кийими дагы анын калеминин сыясы менен түшүрүлбөйт.

— Кыргыз мамлекетинин бай, башка өлкөлөр менен тең ата болушун каалап, кыргыз кыздары улуттук каада-салтты сактап, кыргыз улутунун жүзү болгон улуттук кийимдерди жоготпой кийишсе, көздөрүнөн кайгынын көз жашы акпаса деген тилегим бар.

Тажигүл Өзген сүрөттөрү менен көрө албай, абасынан дем алып чоңойбогон, өксүктө калган жылдарын толтургусу келет. Чет жакта өссө дагы элин, салтын унутпаптыр деген ой калтыргысы, улутунун уулуугун даңазалоо аракети. Мына ушундан улам ал кылым карыткан кыргыз аялдарынын баш кийимин тандап алган.

— Сүрөтчү катары өз Ата-Мекениме кандай кызмат кылсам деген ойдон ушул ишти аркаладым. Стамбулдагы Истиклал проспектисиндеги алгачкы көргөзмөмдө шаар мэри: «Бул өлкөнү ушундай кооз сүрөттөр менен гана түшүндүрүп берсе болот» деген эле.

Тажигүл Өзгендүн көргөзмөсү 2012-жылы Бишкек жана Ош шаарларында дагы өткөн. Ал өзү Учурда Стамбул шаарында жеке сүрөткана ачып, бул өнөргө кызыккан жаштарды окутуп келет.

— Акыркы жолу Кыргызстанга 2014-жылы саякаттап келдим. Мен кыргызстандык ырчылардын арасынан Саламат Садыкова, Роза Аманова, Гүлзада Рыскулованын ырларын жактырып угам. Азыр социалдык түйүн аркылуу Кыргызстан тууралуу маалыматтарды жакындан билип угууга аракет жасайм.

Сүрөтчүнүн айтымында, кыргыз айымдарынын баш кийимдери түшкөн эмгектерин топтогон күйөрмандары дагы бар.

Эң көп окулган жаңылыктар
19-апрель, жума