Кыргызстандык 5 жашар бала Орусиянын Санкт-Петербург шаарында сүннөткө отургузулгандан кийин ооруканага жатып калды. Бул тууралуу Орусиялык ЖМК жазды.
Маалыматка ылайык, кичине бала көп өлчөмдө кан жоготкондуктан анын абалы оор.
5 жаштагы баланы апасы дарыгерлерге 22-январда алып барган. Баланын атасынын айтымында, 20-январда алар уулун бейтааныш дарыгерге алып барып, сүннөткө отургузушкан.