USD87.45EUR98.34RUB1.04
24.kg

Көк бөрүчү Манас Ниязовдун кийген формасы аукциондо 80 миң сомго сатылды

10:24, 21 января 2019, Бишкек - 24.kg

Көк бөрүчү Манас Ниязовдун 2016-жылы II Дүйнөлүк көчмөндөр оюндарында кийген формасы аукциондо 80 миң сомго сатылды.  Аукцион 19-январда аяктап, эң көп каражат сунуштаган Руслан аттуу жаран жеңүүчү аталган. 

Түшкөн каражат көк бөрүчү Дастан Жакеевге дарылануусу үчүн берилмекчи. Эске салсак, май айында көк бөрү оюнунда улакчы Дастан Жакеев кырсыктап калган. 

Аукцион «Көк Бөрү» федерациясынын Инстаграмдагы расмий баракчасында жүргүзүлүп, улакчынын формасынын баштапкы баасы 2 миң сом деп белгиленген.

 

БАЙЛАНЫШТАР

СОЦИАЛДЫК ТАРМАКТАР

TelegramYouTubeWhatsAppFacebookInstagram

© АА «24.kg» - Кыргызстандын жаңылыктары. Бардык укуктар корголгон. Бул веб-сайтта жайгаштырылган бардык маалымат жеке пайдалануу үчүн гана арналган жана АА «24.kg» жазуу түрүндөгү уруксатысыз таратылышы мүмкүн эмес. Редакция кайра басылган материалдардын жана айрым адамдардын пикирлеринин мазмунуна жоопкерчилик тартпайт. +18