14:00
USD 88.68
EUR 95.00
RUB 0.95

Камчы Көлбаев менен Райымбек Матраимовдун мүлкү сатыкка коюлду (тизме)

Мамлекеттик мүлктү башкаруу боюнча мамлекеттик агенттик Камчы Көлбаев менен Бажы кызматынын башчысынын мурдагы орун басары Райымбек Матраимовдун мүлкүн сатыкка койду.

Мекеме электрондук аукцион аркылуу сатыла турган он объектинин тизмесин жарыялады:

  • аянты 181,1 чарчы метр турак эмес коммерциялык имарат (Бишкек шаары, Рыскулов көчөсү, 79б). Баштапкы баасы — 38,6 миллион сом. Электрондук аукциондун кадамы — 200 миң сом;
  • Арашан айылы, «Салкын-Төрдөгү» жер тилкеси (800 чарчы метр). Баштапкы баасы — 6,2 миллион сом. Электрондук аукциондун кадамы — 50 миң сом;
  • Чолпон-Ата курорттук аймагындагы жер тилкеси (39,9 миң чарчы метр). Баштапкы баасы — 142,6 миллион сом. Электрондук аукциондун кадамы — 100 миң сом;
  • Чүй облусунун Орто-Сай айылындагы Солнечный көчөсүндөгү жер тилкеси (5 миң 324 чарчы метр). Баштапкы баасы — 92 миллион сом. Электрондук аукциондун кадамы — 300 миң сом;
  • Бишкек шаары, Токтоналиев көчөсү, 88 дарегиндеги жер тилкеси (2 миң 443 чарчы метр). Баштапкы баасы — 58,3 миллион сом. Электрондук аукциондун кадамы — 100 миң сом;
  • Бишкек шаары, Токтоналиев көчөсү, 94 дарегиндеги жер тилкеси (600 чарчы метр). Баштапкы баасы — 17,8 миллион сом. Электрондук аукциондун кадамы — 100 миң сом;
  • Ош шаары, Аматов көчөсү, 1 дарегиндеги бир бөлмөлүү (52 чарчы метр) мансард (57,8 чарчы метр) батири. Баштапкы баасы — 8,2 миллион сом. Электрондук аукциондун кадамы — 20 миң сом;
  • Ош шаары, Ленин көчөсү, 938 дарегиндеги эки бөлмөлүү батир (60,5 чарчы метр). Баштапкы баасы — 5 миллион 12 миң сом. Электрондук аукциондун кадамы — 20 миң сом;
  • Ош шаары, Масалиев көчөсү, 98в дарегинде жайгашкан турак эмес жай (1 миң 400 чарчы метр). Баштапкы баасы — 149,8 миллион сом. Электрондук аукциондун кадамы — 100 миң сом;
  • Чолпон-Атанын үчүнчү кичи районундагы курулуп бүтө элек имараттары бар жер тилкеси (20 миң чарчы метр). Баштапкы баасы — 37,6 миллион сом. Электрондук аукциондун кадамы — 100 миң сом.

Объектилер боюнча маалымат жана аукционго катышуу шарттары менен агенттиктин сайтынан таанышууга болот.

Соодалашуу электрондук соода аянтчасынын порталында өткөрүлөт. Арыздарды кабыл алуу 15-апрелде башталып, 29-апрелде аяктайт.

Эң көп окулган жаңылыктар