12:16
USD 89.47
EUR 96.56
RUB 0.97

Депутаттар менен министрлер көк бөрү ойнойт

Министрлер менен Жогорку Кеңештин депутаттары улак тартышат. Бул тууралуу жергиликтүү ЖМК маалымдайт.

Таймаш 23-февраль Ата Мекенди коргоо күнүнө карата Бишкектин «Ак-Кула» ат майданында өтөт.

Ага жалпысынан төрт команда катышкан оюнда журналисттерден жана спорт агенттигинен да түзүлгөн командалар катышары күтүлүүдө.

Мелдешти депутат Канатбек Исаев демилгелеп, Жаштар иштери, дене тарбия жана спорт агенттиги менен Көк бөрү федерациясы уюштурууда.

Эң көп окулган жаңылыктар