02:58
USD 89.51
EUR 96.93
RUB 0.97

««Манас» эпосуна 1000 жыл» алтын монетасы 80 миң сомго сатылды

««Манас» эпосуна 1000 жыл» алтын монетасы 80 миң сомго сатылды. Бул тууралуу Улуттук банктан билдиришти. 

Маалыматка ылайык, Улуттук банк тарабынан уюштурулган аукциондо сейрек (сатуу аяктаган) коллекциялык монеталар сатылды. Аукционго 40 коллекциялык монета чыгарылган, алардын ичинен: 2 алтын, 38 күмүш коллекциялык монета.

«Аукционго чыгарылган лоттордун жалпы баштапкы баасы 236 миң сомду түзгөн. Ал эми аукциондун жыйынтыгы боюнча коллекциялык монеталарды сатуунун жалпы суммасы 324 миң 100 сомду түздү», -деп айтылат маалыматта.

Баштапкы баасы 23 миң сомду түзгөн ««Манас» эпосуна 1000 жыл» алтын монетасына сунушталган жогорку баа — 80 миң сомду, ал эми ар бир баштапкы баасы 5 миң сомду түзгөн «Эл аралык тоо жылы» сериясындагы «Ак маңдай гүл» күмүш монетасы боюнча сунушталган жогорку баа — 14 миң сомду түздү.

Эң көп окулган жаңылыктар