Токмок шаарында катуу шамалдын кесепетинен турак үйлөрдүн чатырлары жабыркады. Бул тууралуу ӨКМнын басма сөз кызматы билдирди.
Маалыматка ылайык, бүгүн саат 12:40 чамасында Токмокто ылдамдыгы секундасына 18-23 метрге жеткен катуу шамал катталган.
Шамалдын кесепетинен Шамшы көчөсүндө жайгашкан № 36 көп кабаттуу турак үйдүн 450м2 темир чатырын шамал учуруп, 2 турак үйдүн чатырына бак кулаган. Жабыркагандар жана каза болгондор жок.