16:01
USD 73.65
EUR 80.26
RUB 1.02

Шашылыш билдирүү! Бишкекте катуу шамал катталышы мүмкүн

Бишкек шаарында жана Чүй өрөөнүндө жакынкы 1 саат аралыгында жана кечинде катуу шамал катталышы мүмкүн. Бул тууралуу ӨКМнин басма сөз кызматы билдирди.

Маалыматка ылайык, шамалдын ылдамдыгы болжол менен секундасына 18-23 метрге жетиши күтүлөт.