04:05
USD 84.80
EUR 98.41
RUB 1.19

Икрамжан Илмияновду кармалган күндө тарта бир гана жолу суракка алышкан

Мурунку президент Алмазбек Атамбаевдин мурунку кеңешчиси Икрамжан Илмияновду кармалган күндө тарта бир гана жолу суракка алышкан. Бул тууралуу 24.kg агенттигине анын жактоочусу Сергей Слесарев билдирди.

Айтымында, эч кандай тергөө аракеттери көрүлгөн жок, суракка алынган жок жана экспертиза жүргүзүлө элек.

«Мындан улам менде конкреттүү түшүндүрмө жок», -деди жактоочу.

Икрамжан Илмияновду 28-январга чейин камакта калтыруу чечими чыгарылган. Эске салсак, Икрамжан Илмияновго УКМК тарабынан «алдамчылык» боюнча кылмыш иши козголуп, 18-октябрда Биринчи Май райондук соту аны сырттан камакка алуу чечимин чыгарган. 19-октябрда ал Татарстандан кармалган.

Эң көп окулган жаңылыктар