21:42
USD 89.47
EUR 96.56
RUB 0.97

Акматбек Келдибеков «Азия Ньюс» гезити менен соттошуудан баш тартты

Жогорку Кеңештин мурдакы спикери Акматбек Келдибеков «Азия Ньюс» гезити менен соттошуудан баш тартты. Бул тууралуу 24.kg агенттигине анын спикери Гуля Рыскулова билдирди.
 
Анын айтмында, гезит менен саясатчы тил табышты. Басылманын редактору Асланбек Сартбаев Келдибеков жөнүндө материалына төгүндөө жазышы керек.
 
Акматбек Келдибеков сотко берген арызын кайрып алды. Ал гезиттен ал жөнүндө макала үчүн 1 миллион сом талап кылган.

Белгилей кетсек, Акматбек Келдибеков Kyrgyztoday сайтын да сотко берген.

Андан тышкары, мурдакы спикер Азимбек Бекназаров, Кеңешбек Дүйшөбаев менен бирге экс-президент Алмазбек Атамбаевди жана «Апрель» телеканалынын башкы директорун Дмитрий Ложниковду 18 миллион сомго доого жыгуу үчүн сотко кайрылган.

Эң көп окулган жаңылыктар