19:33
USD 88.84
EUR 95.29
RUB 0.96

Вице-премьер-министр Жеңиш Разаковдун отставкага кетүү ниети жок

Вице-премьер-министр Жеңиш Разаковдун отставкага кетүү ниети жок. Бул тууралуу ал журналисттерге айтты.

Анын билдиргенине ылайык, кызматтан кетүүгө негиз жок.

«Эл митингге акча үчүн чыкканын, Баткендеги менин кишилерим айткандарынан улам билем. Мага 14-январда чакан автобустар айыл аралап элди чогултуп, Бишкектеги митингге катышкандарга акча убада кылышканын кабарлашкан. Баткен районунан митингде эч ким болгон жок, Лейлектин 4-5 тургуну гана болду. Сотко берсе беришсин, сот чечет», — деди Жеңиш Разаков.

Эске салсак, депутат Жанар Акаев вице-премьер-министр Жеңиш Разаковдон кечирим сурашын же отставкага кетишин талап кылган. Анын билдирүүсүндө, Жеңиш Разаков Ак үйдүн алдына митингге чыккан баткендиктер акча алды деп айткан.

Баткендиктерди колдоо митингинин 2 катышуучусу Жеңиш Разаковдун акча үчүн митингге чыгышты деген сөзүнөн улам, сотко доо арыз менен кайрылышты.

Эң көп окулган жаңылыктар