17:45
USD 88.85
EUR 94.92
RUB 0.96

Матраимовдордун доо арызы. Карамушкина сөз эркиндигинин кооптуу абалы тууралуу

Бул сөз эркиндигине жөн гана басым эмес, алдыңкы ЖМКларды жабуу үчүн пландалган масштабдуу операция. Бул тууралуу депутат Ирина Карамушкина бир тууган Матраимовдордун 24.kg, Kloop жана «Азаттыкка» карата доо арызы тууралуу пикирин айтып жатып билдирди. 

«Бул коррупциялык схемалар фактысынын бетин ачып жаткан ЖМКларды масштабдуу басып алуу. Бүгүн сөз эркиндиги тырмакчада гана калды», — дейт депутат.

Ирина Карамушкина басылмаларды акырына чейин күрөшүүгө чакырды.

Баардык ЖМКлардын жамааттык коргоочусу болушу керек.

Ирина Карамушкина

Анын пикиринде, бүгүнкү күндө сөз эркиндиги кооптуу абалда турат. Күндөн күнгө эл тынчтык акциясын өткөрүү укугунан ажырап калуу коркунучу бар.

Белгилей кетсек, буга чейин «Азаттык» жана Kloop сайты «Кыргызстандан чыгарылган миллиондор» иликтөөсүнүн экинчи бөлүгүн жарыялаган. Аны 24.kg шилтеме берип жазып чыккан.

Эң көп окулган жаңылыктар