USD87.45EUR98.13RUB1.03
24.kg

Социалдык өнүгүү министрлиги иштен алынган кызматкер менен болгон сотто утулду

09:40, 15 января 2020, Бишкек - 24.kg

Эмгек жана социалдык өнүгүү министрлиги Бишкектеги социалдык стационардык мекеменин мурунку директору Эркингүл Абдылдаеванын даттануусу боюнча өткөн сотто утулуп калды. Бул тууралуу жактоочу Бактыбек Жумашев 24.kg агенттигине билдирди.

Сот министрликтин башчысы Улугбек Кочкоровдун аткаминерди кызматтан алуу чечимин негизсиз деп, мыйзам бузуулар менен коштолгонун айтты. Ошондой эле сот Эмгек кодексине ылайык, дисциплинардык жаза жорук болгондон кийин бир айдан кем эмес убакта колдонулушу керек, бирок Абдылдаеваны 130 күндөн кийин иштен бошотушканын эске алды.

«Эркингүл Абдылдаева мурунку ээлеген кызмат ордуна келиши жана ага 2 жарым айдын (жумушка барбоого мажбур калгандыгы үчүн) маянасы төлөнүп берилиши керек», — деди Бактыбек Жумашев.

Мындан тышкары сот Эркингүл Абдылдаеванын чыгым үчүн 100 миң сом төлөп берүү тууралуу доосун канааттандырган жок.

 

БАЙЛАНЫШТАР

СОЦИАЛДЫК ТАРМАКТАР

TelegramYouTubeWhatsAppFacebookInstagram

© АА «24.kg» - Кыргызстандын жаңылыктары. Бардык укуктар корголгон. Бул веб-сайтта жайгаштырылган бардык маалымат жеке пайдалануу үчүн гана арналган жана АА «24.kg» жазуу түрүндөгү уруксатысыз таратылышы мүмкүн эмес. Редакция кайра басылган материалдардын жана айрым адамдардын пикирлеринин мазмунуна жоопкерчилик тартпайт. +18

Индекс цитированияЯндекс.Метрика