14:14
USD 88.85
EUR 94.92
RUB 0.96

Журналист Канат Каниметов тергөөчүнү сотко берди

Журналист Канат Каниметов Бишкектин Аламүдүн райондук ички иштер бөлүмүнүн тергөөчүсүнүн үстүнөн сотко даттануу арызын жазды. Иш 24-майда райондук сотто караларын «Медиа Полиси Институту» маалымдады.

Журналисттин адвокаты, «Медиа Полиси Институту» уюмунун юристи Нурбек Сыдыков 14-майда журналистке карата жүрүп жаткан териштирүү негизсиз экени тууралуу үч пункттан турган билдирүү тараткан.

Чүй облустук милициясы Каниметовго карата «майда ээнбаштык» деген берене менен иш козголгонун кабарлаган.

Журналисттин жактоочусу адамды бийликти сындаганы үчүн «майда ээнбаштык» беренеси менен мындай факт болбосо да суракка чакыруу жана сотко чейинки териштирүү жүргүзүү мыйзамсыз экенин белгилеген.

Адвокат Сыдыковдун айтымында, Каниметов боюнча материалдар Кылмыштардын жана жоруктардын бирдиктүү реестрине 23-мартта «Жоруктар жөнүндө» кодекстин 119-беренеси (майда ээнбаштык) менен катталган. Буга журналист 3-февралда «Фейсбуктагы» баракчасына блогер Юлия Барабинанын үйүндө тинтүү жүргүзүлгөнүнө байланыштуу бийликти сындап жазганы себеп болгон. Сотко чейинки териштирүү 30-мартта башталган, маалыматты журналга каттоого Каниметовдун жазганы «өлкөнүн коомдук-саясий абалын начарлатышы мүмкүн» деген жүйөө негиз болгону көрсөтүлгөн.

Каниметов өзү 7-майда анын Балыкчыдагы үйүнө милиционерлер издеп барганын «Фейсбукка» жазган жана муну бийликке сын такпоо үчүн басым катары баалаган.

Эң көп окулган жаңылыктар
25-апрель, бейшемби