15:12
USD 89.47
EUR 96.56
RUB 0.97

Ахматбек Келдибеков кыргыз тилдүү Кыргызтудей басылмасын сотко берди

Парламенттин мурунку төрагасы Ахматбек Келдибеков кыргыз тилдүү Кыргызтудей басылмасын жана журналистин сотко берди. Бул тууралуу 24.kg агенттигине жарандык активист Адил Турдукулов билдирди.

Айтымында, дооланып жаткан сумма 1 миллион сом. Сайтта Ахматбек Келдибековго карата жемкор деп айтылган. Ал бул маалымат ушак экенин жана сот бул берене боюнча күнөөнү андан алып салганын айтты.

Буга чейин Ахматбек Келдибеков «Азия-Ньюс» гезитинин журналистин сотко берип, 2 миллион сом өндүрүп алган.

Эң көп окулган жаңылыктар