10:12
USD 89.51
EUR 97.50
RUB 0.97

Дарыгердин кеңеши: Альвеококкоз дартынан сак болуңуз!

Жаныбардан адамга жуккан дарттардын бири — альвеококкоз тууралуу коомчулуктун маалыматы аз.

Соңку 3 жылда кыргыз дарыгерлери 3000ден ашуун эхиноккозго операция жасаса, анын ичинен 5-10 пайыздан ашуусу альвеококкоз. Көпчүлүк учурда бул оору менен жумушка жарамдуу улан-кыздар жабыркашат. Бейтаптардын ичинен 20 пайызга жакынын 14 жашка чейинки балдар түзөт.

Дарыгерлердин маалыматында, 2002-жылдары республика боюнча 2-4 альвеококкоз катталса, 2018-жылы анын саны 500гө жетти.

24.kg агенттиги Кыргыз мамлекеттик медициналык академиясынын доценти, биология илимдеринин кандидаты Темирбек Абдыжапаров менен бирге бул оорунун алдын алуу боюнча кеңеш даярдады.

1

Альвеококкоздун жаратылыш очоктору, аймактары кайсыл?

Альвеококкоз оорусунун жаратылыштык очогу — бул нымдуулук, куртту алып жүрүүчү жаныбарлар (карышкыр, түлкү, чөө, чычкан, келемиш жана башка кемирүүчүлөр) .

Биздин кафедра көп жылдык изилдөөлөрдүн натыйжасында Кыргызстандын бийик тоолуу жайлоолорунда альвеококкоздун 5 жаратылыштык очогу бар экендигин аныктадык. Ал — Чоң-Алай, Чаткал, Үзөңгү-Кууш, Арпа жана Ак-Сай.

2

Альвеококкоз кайсы органдарды жабыркатат?

Альвеококк куртунан көбүнчө боор (85,71 пайызы) жана өпкө (11,9 пайызы) жабыркайт.

3

Альвеококк кантип жугат?

Альвеококк мите куртунун узундугу 2,7-5,0 миллиметр. Ал жырткыч жаныбарлардын ичегисинде болот. Альвеококкоз оорусу адамдарга иттен, түлкүдөн жана карышкырдан жугат.

Бул оору мергенчилердин үй-бүлөсүндө көбүрөөк кездешет. Анткени алар аңчылыктан кийин тийиштүү тазалык эрежелерин сактай беришпейт. Атылган жырткычтын терисин сыйруу учурунда дагы

4

Үй жаныбарларынан кантип сак болуу керек?

Ит ээлери иттерин сөзсүз байлоодо кармоо керек. Итти жергиликтүү ветеринардык адиске каттатып паспорт алуу зарыл. Аны менен итке жылына төрт жолу бекер дары алууга мүмкүнчүлүк тузүлөт. Иттерге альвеококк куртунан каршы таблеткалар бекер берилет.

Дарыдан кийин итти 72 саат бою тамак бербей байлоодо кармайт. Андан кийин итти өз ордуна жылдырып, иттен чыккан материалды дааратканага салып, 1 метрдей тереңдикке көмүш керек. Андан кийин ошол жерди керосин же бензин менен өрттөйсүз.

Эң көп окулган жаңылыктар