06:37
USD 89.47
EUR 96.56
RUB 0.97

Орусиядагы жол кырсыкта 2 кыргызстандык жабыркады. Бирөөнүн абалы оор

Орусиянын Рязанск облусунда «Газель-Валдай» жана ВАЗ 2107 үлгүсүндөгү унаалар кагышып, кесепетинен кыргызстандык 2 жаран жабыркады. Бул тууралуу Кыргызстандын Орусиядагы элчилигинен билдирди.

ВАЗ 2107 унаасын кыргызстандык 22 жаштагы жаран башкарып бара жаткан. Анын баш мээси чайкалып, учурда оор абалда жандандыруу бөлүмүндө жатат. Мындан тышкары жеңил унаанын жүргүнчүсү да жаракат алган.

«Полиция териштирүү иштерин жүргүзүп жатат», -деп билдиришти элчиликтен.

Эң көп окулган жаңылыктар