20:17
USD 89.51
EUR 96.93
RUB 0.97

Эртең көпчүлүк аймактарда кар жаашы күтүлөт

12-январда көпчүлүк аймактарда кар жаашы күтүлөт. Чүй, Талас, Ош, Жалал-Абад, Баткен облустарынын кээ бир райондорунда туман каптайт. Бул тууралуу ӨКМнын басма сөз кызматы билдирди.

Маалыматка караганда, 13-14-январда жаан-чачын күтүлбөйт.

13-январда Чүй, Талас, Ош, Жалал-Абад, Баткен облустарынын кээ бир райондорунда туман түшөт. Жолдор тоңголок жана тайгак болот. Батыштан соккон шамалдын ылдамдыгы секундасына 4-9 метрге чейин жетет.

15-январда түнкүсүн жаан-чачын жаабайт, күндүз Чүй, Талас, Ош, Жалал-Абад, Баткен, Нарын облустарынын тоо этектеринде жана тоолуу райондорунда кар жаашы күтүлөт. 16-январда көпчүлүк аймактарда мезгил-мезгили менен жаан, кар жаайт. 

Эң көп окулган жаңылыктар