Кыргызстанда курч мүнөздөгү вирустук инфекция менен ооругандардын саны азайды. Бул тууралуу Саламаттык сактоо министрлигинин басма сөз кызматы билдирди.
Маалыматка караганда, 2019-жылдын биринчи жумасында курч мүнөздөгү вирустук инфекция менен ооругандардын саны 13,5 пайызга төмөндөгөн. Бир жума аралыгында 2 миң 525 бейтап катталганы айтылууда. Ал эми өткөн жылдын акыркы жумасында 6 миң 87 бейтап катталган.
Кыргызстанда эпидемиологиялык абал туруктуу деп билдиришти министрликтен.