09:01
USD 89.02
EUR 94.77
RUB 0.95

Кыргызстандык жаран Ташкентте жергиликтүү тургундан пара талап кылган

Кыргызстандык жаран Ташкентте ички иштер органдары кызматына ишке орноштурам деп сөз берип, жергиликтүү тургандан пара талап кылган. Учурда ал кармалды. Бул тууралуу Өзбекстандын Ички иштер башкы башкармалыгынын сайты жазып чыкты.
 
Маалыматка караганда, орган кызматкерлерине 29 жаштагы Умида Х. кайрылып, Юсуп аттуу кишиге карата чара көрүүнү суранган. Айтымында, шектүү аны ишке орноштурам деп 2 миң доллар талап кылган.
 
Пара талап кылган жаран Кыргызстандык Юсупжан Р. аттуу киши болуп чыкты. Ал буга чейин соттолуп чыкканы аныкталды. Юсупжанды 1,3 миң доллар пара алып жаткан жеринин кармашты.
 
 
Эң көп окулган жаңылыктар
19-апрель, жума