05:34
USD 88.81
EUR 95.39
RUB 0.96

Майып балдар. Ата-энелерге акчалай жардам 2019-жылдан тарта бериле баштайт

Ден соолугунан мүмкүнчүлүгү чектелген балдардын ата-энелерине акчалай жардам 2019-жылдан тарта төлөнө баштайт. Бул тууралуу маалымат жыйында Эмгек жана социалдык коргоо министри Улугбек Кочкоров билдирди.

Ал кошумчалагандай, 2018-жылы ар дайым кароого муктаж болгон мүмкүнчүлүгү чектелген балдардын жакындарына колдоо көрсөтүү маселеси чечилди.

«2019-жылдан тарта ай сайын 4 миң 900 сомдон төлөнүп берилет. Сумманы жыл сайын жашоо наркынын өзгөрүүсүн эске алуу менен карап турабыз», -деди ал.

Эң көп окулган жаңылыктар