15:08
USD 88.81
EUR 95.39
RUB 0.96

Роза Бегалиева: Майыптарга жумуш табылса дагы, кеңседе ылайыктуу шарт жок

2000-жылы Роза Бегалиеваны унаа коюп кетип, ошондон бери майыптар арабасында отурганга мажбур. Кырсыктын кесепетинен көп сандаган жаракат алып, 1-топтогу майыптыкты алганын айтат.

Каарманыбыз башка түшкөн сыноону кабылдап, учурда кол өнөрчүлүк менен алектенип келет. Мындан сырткары, визажист, маникюр ийримдерине катышып, жаңы кесиптин ээси болду.

24.kg агенттиги тагдыр сыноосуна сынбаган, эрктүү адамдар менен таанышууну улантат.

— Кырсыкка кабалганда канча жашта элеңиз? Күнөөкөр өз жазасын алдыбы?

— Жердигим Чүйдөн, окууну аяктагандан кийин Казакстандын Тараз шаарында соода-сатык менен алектенип жүрдүм. 27 жашымда Таразда унаа коюп кетип, ооруканада 3 ай жаттым. Кийинки 3 жыл реабилитациядан өттүм. Күнөөлүү өз жазасын алган жок, казактар өз кишисин калкалап кала беришти...

Учурда 46 жаштамын, турмушка чыккан эмесмин. Ысык-Ата районуна караштуу Жер —Казар Айылында 80ге таяп калган апам, сиңдим жана анын уулу болуп бирге турчубуз. Бир айдан бери Бишкектен батирге чыгып, илмек менен токуу ийримин ачтым.

Өзүм 16 жылдан бери кийим токуп жүрдүм. Балдардын кийимдеринен тарта чоңдордун кардиганына чейин токуйм. Бирок, акыркы жылы колдорум ооруп баштагандыктан, өзүм токубай, кызыккандарга үйрөтүп баштадым. Ийримге 5 киши келет. Алардын төртөө ар бири 2 саатка 300 сомдон төлөшөт. Бирөө мүмкүнчүлүгү чектелген жаран, ал акысыз үйрөнөт. Муну социалдык долбоор десем да болот.

Токуганды мага апам үйрөткөн. Апам мени кырсыктан кийин колума илмек берип, депрессиядан алып калды.

— Канча жөлөк пул аласыз? Каражат жагынан кимдер каралашат?

— Мамлекеттен жөлөк пул катары 500 сом алам.

Ооруканага 6 айда бир протездөөгө барып турам. Мындан сырткары, бир жылда бир Кант шаарындагы ооруканада акысыз 10 күн дарыланам. Ашказандын жана бөйрөктүн дарыларын ичип турам.

Биз гигиеналык каражаттарды көп колдонобуз, памперс, нымдуу салфетка, спирт салфетка жана катетер сыяктуу медициналык куралдарды сатып алууга туура келет. Пенсиябыздын баары ошолорго эле коройт.

Азыр мүмкүнчүлүгү чектелген жарандар үчүн «Равенство» коомдук бирикмеси ийримдерди ачкан. Мен визажист, маникюрдун окуусун окуп чыктым. Азыр үйдө иштеймин деп керектүү жабдыктарды сатып алып, баннер заказ бердим.

— Сиз эки жакка чыкканда ким каралашат?

— Биз коомдук унаага отурбайбыз, дайыма такси менен жүрөбүз.

Анткени майыптар арабасы менен көп жерге жүргөнгө шарт түзүлгөн эмес. Эч жакка бара да, кире да албайбыз.

Такай сиңдим, курбуларым каралашат.

— Жумуш издеп көрдүңүз беле?

— Бизге кандайдыр бир ишенбестик бар. Жумушка кирүү кыйын. «Иштей алабы, кайра кайра ооруп жумушка келбей калабы» деген ой менен бизди жумушка алышпайт.

Азыр үйдөн чыкпаган кыз-келиндерди окутуп, коомго аралаштырганга аракет кылуу максатында, чет элдик долбоорлор уюштурулуп жатат. Бул жакшы көрүнүш.

Менин көптөн бери кыялданып жүргөн сулуулук салонун ачып иштетсек деген тилегим бар. «Равенство» коомдук бирикмесинен майып делген 30 кыз билим алып чыкты. Алар визажист, кулинария, маникюр адистери. Алды өз алдынча үйлөрүндө иштеп баштады. Мына ошолордун башын бириктирип иштетүү үчүн бир жай болсо деген ой бар. Анткени, бизге жумуш табылган күндө дагы ал имараттын шарты боло бербейт. Эшиктен кире албайбыз, дааратканага бара албайбыз. Мындан улам, баардык шарты каралган жайда баарыбыз чогуу иштешсек дейм.

Эң көп окулган жаңылыктар