02:08
USD 89.51
EUR 96.93
RUB 0.97

Тагдыр сыноосуна сынбай, кайра башкаларды иш менен камсыз кылган Канзат Жуманова

Канзат Жуманованын жеке архивинен
Фото Канзат Жуманованын жеке архивинен
Канзат Жуманова студент кезде үй-бүлөсү менен автокырсыкка кабылып, белинен алган жаракатынан буту иштебей, майыптар арабасына олтуруп калган. Андан бери 22 жыл өттү.

Эрки күчтүү Канзат биринчи топтун майыптыгын алып, тагдырдын сыноосуна мүңкүрөп жатып калбай, мүмкүнчүлүгү чектелген кыз-келиндердин башын бириктирген. Акыркы  3 жылдан бери «Канзат» тигүү цехин жетектеп келет. Уз-чеберлер улуттук оймо-чийме түшүрүлгөн чыптама, чапандардын түрүн тигип сатышат.

24.kg агенттиги Канзат Жуманованын чакан цехи менен таанышты.

Канзаттын цехинде 7 кыз иштейт. Ал аймактагы фонддордун жардамы менен социалдык долбоор жазып, грант утуп алган.

«Кол өнөрчүлүк менен алектенгениме 3 жылдын жүзү болду. Бул өнөр мага энемден өткөн. Цехте чыптамаларды, чапандарды тигебиз, кардарларыбыз да көп», — дейт ал.

Алыскы аймакта, Лейлек районунун тоолуу айылында жашаганына карабай, кыздар сатыкты дагы жолго коюшкан.

Социалдык тармактагы баракчалар аркылуу жаңы кийимдерди жарнамалап, тапшырык алып турабыз. Район тургундары өздөрү келип, кийип көрүп алып кетсе, алыскы аймактагыларга жөнөтүп жиберебиз.

Канзат Жуманова.

«Тиккен буюмдарыбыздын баасы ар кандай, чыптамаларды 1 миң 500 сомдон, кыска чапандарды 2 миң сомдон, узун чапандарды 3 миң сомдон баштап тигебиз. Жаш балдар үчүн да тапшырык алабыз.Түшкөн каражаттан кыздардын эмгек акысына бөлүп берем, андан сырткары цехти өркүндөтүү үчүн керектүү буюмдарды сатып алып турабыз», — дейт ал.

Канзат Ош мамлекеттик педагогикалык институтунун Сүлүктү шаарындагы филиалынын математика бөлүмүндө 2-курста окуп жатканда кырсыктаган. 

«Турмушка чыккандан 6 айдан кийин кырсыктаган элем. Жолдошум экөөбүз бир айылдан болобуз, сүйлөшүп жүрүп баш кошкон элек. Кыйын күндөрдө ал мени жөлөп-таяп, дайыма жанымда болуп турду. Мен тарткан азапты кошо тартты десем жаңылбаймын. Жолдошум ошол маалда дене тарбия мугалими эле, убагында «сен жок жерде иштебейм» деп ишинен да баш тарткан. Ага чейин экөөбүз мектепке ээрчишип барып келет элек», — дейт ал.

Канзат жолдошун жанында кармабай, акыры өзү башка бүлө куруусун сунуштайт.

«Тилекке каршы өмүр бою бирге түтүн булатабыз деген ой-максатыбызга жетпей калдык. Кырсыктап төшөктө жатканда дагы кайын-журтум мага эч кандай кысым көрсөтүшкөн жок. Азыркыга чейин алар менден кабар алып турушат. Айрыкча мурунку кайын энемдин «силерге көз тийди» деп айткан сөзү азыркыга чейин кулагымда жаңырат», — дейт Канзат.

Жолдошума өзүм башка үй-бүлө күтүп, балалуу болууну сунуштадым. 2 жылдан кийин башка турмуш курду

Канзат Жуманова.

Оор күндөрдөн Канзат жакындарынын жардамы менен бутка туруп кетти.

«Убагында депрессияга түшкөм. Ал убакты эстөө мен үчүн кыйын. Кандай гана оор абалды башымдан өткөдүм, аны бир кудай жана өзүм билем. Мага бир туугандарым, бирге окуган классташтарым, чогуу иштеген мугалимдер колдоо көрсөтүп, менден кабар алып, акыл-насааттарын айтып турду», — дейт ал.

Канзат Жуманованын жеке архивинен
Фото Канзат Жуманованын жеке архивинен
Майып араба менен жүрүүгө айыл жергесинде шарт жок.

«Анын үстүнө пандустар жок, бардык жерде тепкич болгондуктан кыйын эле. Көчөгө чыгуу кыйын. Үйдүн ичинде келинимдин жардамы менен иш кылам», — дейт ал.

Эмгек жана социалдык өнүгүү министрлигинин маалыматына ылайык, Кыргызстанда мүмкүнчүлүгү чектелген адамдардын саны 200 миңге чукул. Алардын 29 миңден ашууну 18 жашка чейинкилер. 
Эң көп окулган жаңылыктар