09:01
USD 89.02
EUR 94.77
RUB 0.95

Кыргызстандын социалдык стационардык мекемелеринде 2 миң 412 киши жашап жатат

Кыргызстандын социалдык стационардык мекемелеринде 2 миң 412 киши жашап жатат. Бул тууралуу маалымат жыйында Эмгек жана социалдык өнүгүү министри Улугбек Кочкоров билдирди.

Айтымында, министрликтин системасында 17 социалдык стационардык мекеме бар. Анда жашагандардын көпчүлүгү психикалык неврологиялык жактан жабыркагандар.

Министр билдиргендей, мүмкүнчүлүгү чектелген балдар үчүн республикалык реабилитациялык борбор курулууда.

Улукбек Кочкоров 928 социалдык кызматкер 10 000ден ашуун жалгыз бой жашаган кары-картаңдарга, майыптарга жардам берип, үйлөрүнө барып колдоо көрсөтөт деди.

Эң көп окулган жаңылыктар
19-апрель, жума