21:41
USD 88.85
EUR 94.92
RUB 0.96

Кыргызстан майыптардын укугу тууралуу БУУнун Конвенциясын ратификациялады

Кыргызстан майыптардын укугу тууралуу БУУнун Конвенциясын ратификациялады. Бул тууралуу президенттин аппаратынан билдиришти.

Президент Сооронбай Жээнбеков «Бириккен Улуттар Уюмунун Башкы Ассамблеясы тарабынан 2006-жылдын 13-декабрында кабыл алынган жана 2011-жылдын 21-сентябрында кол коюлган Майыптардын укуктары жөнүндө БУУнун Конвенциясын ратификациялоо жөнүндө» Кыргыз Республикасынын Мыйзамына кол койду.

Аталган Конвенциянын максаты бардык майыптарга адамдын бардык укуктарын жана негизги эркиндиктерин толук жана бирдей камсыз кылуу, коргоо жана колдоо, ошондой эле алардын ар-намысын сактоо болуп эсептелет.

Кыргыз Республикасы Конвенцияга БУУнун Башкы Ассамблеясынын 66-сессиясынын ишинин алкагында 2011-жылдын 21-сентябрында кошулган жана Конвенцияны ишке ашыруу боюнча зарыл болгон иш-чараларды келечекте көрүү ниетин билдирген.

Аталган Мыйзамга ылайык Тышкы иштер министрлиги Майыптардын укуктары жөнүндө БУУнун Конвенциясын ратификациялоо жөнүндө грамотаны БУУнун Башкы катчысы болуп эсептелген депозитарийге депонирлөөгө тийиш.

Мыйзам расмий жарыяланган күндөн тартып он күн өткөндөн кийин күчүнө кирет.

Эң көп окулган жаңылыктар