13:36
USD 88.85
EUR 94.92
RUB 0.96

Президент: Мамлекет аярлуу адамдардын жашоосуна зарыл шарттарды түзүүгө умтулат

Мамлекетибиз — аярлуу адамдарга колдоо көрсөтүп, алардын окуусуна, жашоосуна, эмгектенишине, маданий талаптары аткарылышына зарыл шарттарды түзүп берүүгө жана укуктарынын сакталышын, социалдык жактан корголуусун, коом турмушуна оңой катышуусун камсыздоого умтулууда. Бул тууралуу президент Сооронбай Жээнбековдун Майыптардын эл аралык күнүнө карата кайрылуусунда айтылат.

«Мүмкүнчүлүгү чектелүү балдарды окутуп, алардын руханий өнүгүшүнө жагымдуу шарттарды түзүү үчүн талыкпай эмгектенип жаткан ата-энелерге жана социалдык мекемелердин кызматкерлерине терең ыраазычылык билдирем. Ден соолугунун мүмкүнчүлүгү чектелүү жарандарыбызга жардам көрсөтүү — мамлекетибиздин мындан ары дагы артыкчылыктуу багыттарынын бири болуп кала берет», — деди президент.

Ал быйыл Кыргызстандын Бириккен Улуттар Уюмунун ушул багыттагы конвенциясын ратификациялаганын баса белгиледи.

«Коргоого муктаж жарандарыбызга ар тараптан жардам көрсөтүү — мамлекеттик органдар менен бирге, жалпы коомубуздун милдети экенин унутпайлы. Тагдырдын кыйынчылыктарын жеңип, асыл максаттарга умтулуу менен жашап келе жатышкан кайраттуу мекендештерибизге ден соолук, кажыбас кайрат, бакубат жашоо каалайм», — деп айтылат кайрылууда.

Эң көп окулган жаңылыктар
25-апрель, бейшемби