08:15
USD 88.81
EUR 95.39
RUB 0.96

Орусияда 8-кабаттан кулаган бетон плитасы кыргызстандык жаранды басып калды

Орусиянын Санкт-Петербург шаарында 8-кабаттан кулаган бетон плитасы кыргызстандык жаранды басып калды. Бул тууралуу «Невские новости» агенттиги жазып чыкты.

Маалыматта айтылгандай, окуя 21-декабрь күнү жергиликтүү убакыт менен саат 22.30да Setl City компаниясынын курулуш объектисинде болгон.

Плита үч кишини басып калган. Алардын бири 23 жаштагы тажик жараны кырсык болгон жерде дароо мерт кеткен. Экинчи жаран ооруканага жеткирилген. Үчүнчү жумушчунун сөөгү эртеси күнү плитанын сыныктарын жыйнагандан кийин табылган. Ал 38 жаштагы кыргызстандык жаран болуп чыкты.



Эң көп окулган жаңылыктар