07:28
USD 81.80
EUR 95.95
RUB 1.04

Чүйдө мас абалында унаа башкарып жүргөн 33 айдоочу кармалды

Чүй облусунда бир жума аралыгында мас абалында унаа башкарып жүргөн 33 айдоочу кармалды. Бул тууралуу Чүй ШИИБдан билдиришти.

Маалыматка ылайык, 102 айдоочунун унаасы айып пул төлөөчү жайга токтотулду.

17-декабрдан 23-декабрга чейин жүргүзүлгөн рейддин алкагында Чүй облусу боюнча жалпы 3 миң 774 жол эрежелерин бузуу фактысы катталган. Анын ичинен 454 айдоочу унаасын атайын белгиленген ченемден катуу айдаганы үчүн токтотулду.

Унаасынын айнектерин караңгылатып башкарган 5 айдоочу, документи жок унаа башкарган 34 айдоочу жоопко тартылды.

Эң көп окулган жаңылыктар