Кыргызстандыктар Baltic Grand Prix-2018 спорттук бал бийи боюнча эл аралык мелдеште жеңишке жетишти. Бул тууралуу бий спорту федерациясынан билдиришти.
Мелдеш Латвиянын Рига шаарында өттү. Жеңиш үчүн 38 өлкөнүн өкүлдөрү ат салышты. «Жаштар+чоңдор, B+A класс, латина» категориясында мекендештерибиз Александр Шефлер менен Кристина Мельникова 28 жуп катышуучунун биринчиси аталышты.
Алар дагы бир канча категория боюнча ат салышты.
Эске салсак, кыргызстандык бийчилер Норвегияда өткөн мелдеште күмүш медаль тагынышкан.