07:42
USD 88.81
EUR 95.39
RUB 0.96

Кыргызстандык бийчилер спорттук бал бийи боюнча мелдеште 2-орунду алышты

Кыргызстандык бийчилер спорттук бал бийи боюнча эл аралык мелдеште 2-орунду алышты. Бул тууралуу Кыргызстандын бий спорту Федерациясынан билдиришти.

Мелдеш Норвегиянын Лиллестрем шаарында өттү. Жеңиш үчүн 15 өлкөдөн келген 51 жуп ат салышты. Кыргызстандын атынан Артем Семеренко менен Валенрия Качалко катышты.

«Чоңдор, латина, ачык класс» категориясында Семеренко менен Качалко күмүш медаль тагынышты.

Эң көп окулган жаңылыктар