03:07
USD 89.02
EUR 94.77
RUB 0.95

Жарандар өлкө ичинде жер которгондо 45 күндөн кийин каттоого алынат

Кыргызстандын жарандары өлкө ичинде жер которгондо 45 күндөн кийин жашаган жеринде каттоого алынат. «Ички жер которуу жөнүндөгү» мыйзамына «каттоолук эсепке алуу» деген аныктама кошумчаланууда. Бул демилге депутат Исхак Пирматовго таандык.

Парламентарийдин айтымында, жарандардын факт жүзүндө жашап турган жери эми тиешелүү органдар тарабынан каттоого алынат.

«Бул үчүн кызыкдар болгон жаран өзү эле электронлук түрдө маалымат базасына билдирүү калтырып, үй ээсинин уруксааты менен каттоодон өтүп койсо болот. Бул үчүн бир жерде жашаганына 45 күндөн кем болбогон убакыт эске алынат. Бул алардын социалдык кызматтарды пайдалануусуна жеңилдик берет, — дейт демилгечи депутат.

Ички жер которуу процессине кабылгандардын так эсеби белгисиз болуп калууда. Мисалы, улуттук статистика комитетинин билдирүүлөрүнө кайрылсак, 2018 — жылдын 1 — январына карата туруктуу жашаган калктын саны Бишкек шаарында 1 002 146 кишини түзгөн.

Мамлекеттик каттоо кызматынын алдындагы Калкты жана жарандык абал актыларын каттоо департаменти «Даректик-маалымдамалык бюро» автоматташтырылган маалыматтык системасын киргизгенден кийин 2015 — 2018-жылдары Бишкек шаарында катталган жарандардын саны 419 590 деп маалымдаган.

Эң көп окулган жаңылыктар
19-апрель, жума