Кыз ала качуунун курмандыгы болгон Бурулай Турдалиеванын портрети Бишкектеги медициналык колледжинин жатаканасынын алдында пайда болду. Бул тууралуу Инстаграмга DOXA art-groupтун сүрөтчүлөрү жазып чыгышты.
«Биз бул кыздын трагедиялуу тагдыры тууралуу баары эле билет деп ойлойбуз. Бул иш аркылуу коомчулуктун көңүлүн гендердик зомбулукка каршы болууга чакырабыз. Кыздар жана аялдарга карата зордук-зомбулукка жана ала качууга каршы болууга үндөйт», -деп жазышкан алар.